Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы курулуш тармагын жетектегендерге сөгүш жарыялады

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 515 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасында жыйын өткөрдү. Ага курулуш жаатында иш алып барган компаниялардын башчылары жана ушул тармакты караган мамлекеттик жетекчилер катышты. Отурумдун жүрүшүндө бул тармактагы негизги көйгөйлөр айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровго сөгүш жарыялады. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго эскертүү берип, вице-мэр Сагындык уулу Азаматка сөгүш жарыялоону, кызматынан алуу сыяктуу катаал чараларды карап көрүүнү буйруду. Ушундай эле жазаларды «Бишкек суу канал» ишканасынын башчысы Мурадин Сейдалиевге, Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Медер Бейшеналиевге, Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыровго да берүүнү сунуштады.

Улукбек Марипов Энергетика жана өнөр жай министрине бул ишке жооптуу адамдарга катуу тартиптик чара көрүүнү тапшырды.

Бүгүнкү өткөн жыйында айтылган сунуш-пикирлер боюнча протокол даярдалып, кийинки айдын акырында тапшырмалардын аткарылышы каралмай болду.

Copyright © 2017 Maral FM