Биз менен байланышыңыз

Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы үйлөрүнө киришти

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 339 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы 60 үй-бүлө жаңы үйлөрүнө киришти.

Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата дагы 140 үйдү куруп бүтүү пландалууда.

Ошондой эле Арка, Интернационал жана Сады айылдарында турак үйлөрдү куруу иштери уланууда.

28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM