Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан беш бейтап каза болуп, дагы 228 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 320 | 0

Кыргызстанда 23-августка карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Алар Бишкек шаарында – 152, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 27, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусу — 2 адамдан илдет табылган.

Ошондой эле бир суткада 394 адам илдеттен сакайып чыккан.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 159 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 148 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 миң 702 киши айыгып чыкса, 2 миң 489 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM