Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун «альфа» жана «бета» түрү аныкталды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1255 | 0

Кыргызстанда COVID-19дун «альфа» (Улуу Британия) жана «бета» (Түштүк Африка) түрү аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда альфа вариантынын штаммы табылган, ал эми июнда бета варианты табылып, тынчсызданууну жаратууда.

«Бүгүнкү күнгө карата 849 миң 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8%ы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9%ы экинчи дозасын алган. Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку жумага салыштырмалуу 40,9%га төмөндөп, өкүнүч жаратууда. ДССУнун максаты — сентябрга чейин ар бир өлкөнүн калкынын 10%дан кем эмесин, жылдын аягына чейин 40%дан кем эмесин, эмдиги жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүнүн 70%ын эмдөөдөн өткөрүү», — деди Артыкова.

Артыкова кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын август айына карата дүйнөдө 206 миллиондон ашык COVID-19 учуру катталган, анын ичинде 4 миллион 530 миңден ашуун адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM