Биз менен байланышыңыз

Баткенде аткезчилик менен ташылган 29 млн сомдук көмүр кармалды

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 317 | 0

11-августта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жергесинде 29 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Шарттуу чек арадан 500 метр аралыкта чек арачылар жана УКМК кызматкерлери эки жүк ташуучу унааны жана бир нече жаранды кыргыз номерлүү унаадан тажик номерлүү унаага көмүр жүктөн жатканын байкашкан. Чек ара кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда алар качып кетишкен. Кыргызстандын бир жараны, Кулунду айылдык аймагынын жашоочусу Н.Б. жана эки унаа кармалган.

Тажикстандын номери тагылган унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран, жүк жана унаалар андан ары териштирүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM