Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга эмдөө сертификаты таанылган 20 өлкөдөн турист келе алат

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 297 | 0

Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө сертификаты жактырылган 20 өлкөдөн турист келе алат. Бул тууралуу брифинг учурунда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Венгрия, Улуу Британия, Катар мамлекети, Израиль, Сауд Аравия падышачылыгы, Өзбекстан, Грузия, Румыния, Орусия, Корея, Сан-Марино, Түркия, Франция, Германия, Польша, Щвейцария сыяктуу өлкөлөрдүн жана Европа Биримдигинин сертификаттары таанылган.

Башка өлкөлөрдөн да эмдөө тууралуу сертификаттардын үлгүлөрүн бекитүү боюнча дагы документтер келип түшкөн, алар учурда каралууда.

Ошондой эле ал пандемия Кыргызстандын туристтик тармагына оор кесепеттерди алып келгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM