Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 382 адамдан аныкталып, жети бейтап каза болду

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 617 | 0

Кыргызстанда 11-августка карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Алар Бишкек шаарында – 218, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда –17, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 771 адам илдеттен сакайып чыккан.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM