Биз менен байланышыңыз

Дубнов: Жириновский менен Володиндин айткандары – популисттик билдирүү

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 566 | 0

Орусияда Кыргызстандагы орус тилдүү жарандар менен байланыштуу окуялар боюнча Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, айрым саясатчылар билдирүү жасап, анда Кыргызстанда орус тилдүү жарандарга кысым күчөөдө деген маанайдагы пикирлер айтылган.

«Мындай реакциянын артында эмне болушу мүмкүн? Орусиялык саясатчылардын билдирүүлөрү эмне максатты көздөйт?» деген суроого жооп алуу үчүн «Азаттыктын» кабарчысы Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновду кепке тарткан. 

— Мындай курч билдирүүлөр эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз, мекендештерине кам көрүүбү же саясий боёк барбы?

— Албетте, бул жерде саясий боёк басымдуулук кылат. Орусияда бир айдан кийин Думага жана парламенттик шайлоолор болорун унутпашыбыз керек. Андыктан максатына оңой жетүүнү көздөгөндөр жана өзүн башкаларга эстетүүнү каалагандар жанданып баштады. Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы болгон, «улуу державага» болгон сагынычы бар орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш. Жириновский менен Володиндин айткандарын маргиналдардын сөзүнө теңейм жана бул популисттик, примитивдик билдирүү. Алар шайлоочу деп аталган ошол классты түзүп, ага таянууда.

Володин Думанын төрагасы, эми аны саясатчы катары узатат окшойбуз. Анткени ал шайлоодон кийин Думанын төрагасы болбойт. Ал Орусиянын президентинин жакын санаалашы катары өзүнүн ресурсун колдонуп бүттү. Азыр ал бар экенин эстетүү үчүн ушундай жол менен публикага ойноп жатат. Адам укуктары боюнча кеңештин реакциясы тууралуу айтсак, ал дагы орус тилдүүлөр кысмакка алынып жатканы тууралуу көнүмүш сөздөрүн айтууда.

Бул окуя Орусияга карата Кыргызстандагы жалпы маанайды көрсөтпөйт. Аны ого бетер курчутуу бул абдан акылсыз жийиркеничтүү тактика.

— Демек, саясатчылардын мындай билдирүүлөрү Орусиянын ички аудиториясына багытталган турбайбы?

— Сөзсүз. Бул ачыктан ачык Орусияда спекулятивдик ксенофобиялык сезимдерди колдонуу менен ойноо тактикасы.

— Сиздин оюңузча азыр Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле кандай?

— Өзгөчө эч нерсе жок, мурунку мезгилдерге салыштырмалуу көңүл бурууга арзый турган укмуштуу же таасирдүү нерселерди мен белгилегим келбейт. Кыргызстандын алтынчы президенти Москвага барып келди, аны карап, угушту. Ал өзүн токтоо алып жүрдү. Себеби, анын тамырын тартып жатканын түшүндү. Ал бир жума мурун убадасын аткаруу үчүн кичинекей сыноодон өттү. Биринчи президент Аскар Акаевди чакырып, анын коопсуздугуна кепилдик берди жана аткарды. Аскар Акаев мурдагы күнү Москвага кайтты. Мунун өзү кайсы бир деңгээлде Москва менен макулдашуу болгонун күбөлөйт. Орус бийлиги буга канааттанбай калышы мүмкүн эмес эле.

Кантсе да Москвада алар кош бийликтин (дуумвират) лидери президент Жапаров менен бул кош бийликтин экинчи адамы Камчыбек Ташиевдин айырмасын көрүшсө керек. Алар бул көрүнүктүү кыргыз ишмерлерин колдогондордун ортосунда өлкөдө кандайдыр бир чыңалуу бар экенин түшүнүшөт жана ага байкоо салып жатышат. Менимче, алардын биринчисине артыкчылык беришет. Бирок бул менин көз карашым.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн калькулятор менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган. Ошондой эле ага карата «майда бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон.

Ошондой эле июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Бул окуялар боюнча Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы тынчсыздануусун билдирип, Орусиянын тиешелүү органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырган.

Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Орусияга киргизбей коюу сунушталганын билдирген.

Аны менен бирге чырлуу саясатчы Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну, Кыргызстан менен экономикалык байланышты чектөөнү, кыргызстандык эмгек мигранттарды мекенине кайтарууну талап кылууну сунуштаган. Аны менен бирге ал Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг да уюштурду.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болду. Анда ал улутчулдук менен байланышкан айрым учурлар орус бийлиги тарабынан «Кыргызстандагы этникалык орустардын укугу дайыма бузулат жана улуту менен динине карап кысымга алынат» деп каралбашы керектигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM