Connect with us

Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг өткөрдү

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 428 | 0

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг өткөрдү. Бул тууралуу саясатчы телеграм-каналында билдирди.

Ал митинг Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяга байланыштуу каршылык акциясы катары уюштурулган.

«Орустарды кысымга алуу учурлары кайталанып жаткандыктан бүгүн Кыргызстандын элчилигинин алдында каршылык акциясын өткөрүүдөбүз. Кечээ гана Бишкекте кыргыз орус кызга орусча сүйлөгөнү үчүн кол көтөрдү. Андан мурдараак орус баласы сабалган», — деп жазган ал.

Ал Орусиядагы кыргыз мигранттарынын санын кыскартууну жана Кыргызстан менен экономикалык байланышты чектөөнү талап кыларын белгилеген.

Мындан мурдараак ал аталган окуя боюнча оюн билдирип, анда Орусиядагы Кыргызстандын элчисин чакыртып алууну сунуштаган. Ошондой эле Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг уюштуруу керектигин айтып, ага өзү катышарын билдирген.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Жириновский Кыргызстанда «персона нон грата» деп жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Ага саясатчынын Кыргызстандын Орусияга болгон карызынын ордуна Ысык-Көлдү алуу керек деген билдирүүсү себеп болгон. Жириновский кескин, орунсуз билдирүүлөрдү жасаган саясатчы катары таанымал.

Белгилей кетсек, аталган окуя 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон. А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган.

Ошондой эле июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Аталган окуяларга байланыштуу Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы да билдирүү жасап, Орусиянын мамлекеттик органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо чараларын күчөтүүгө чакырган.

Андан тышкары Орусиянын Мамлекеттик думанын депутаттары орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Орусияга киргизбей коюуну сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM