Connect with us

Казакбаев Орусиядан орусиялык саясатчылардын «орунсуз» билдирүүлөрүнө көңүл бурууну өтүндү

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 646 | 0

Бүгүн, 10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуя талкууланган.

Казакбаев жогорудагыга окшогон бардык окуяларды көңүл сыртында калтырбаганын жана кызматкер кызга кол көтөргөн жаранга карата 119-берене («майда бейбаштык») боюнча иш козголгонун билдирген. Ошондой эле УКМК тарабынан ал жаранга эскертүү берилгенин айткан.

Миниср Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин белгилеп, Конституцияга ылайык эч ким тилине, өңү-түсүнө, динине, этникалык көз карашына карап кысымга алынбай турганын билдирген.

Буга байланыштуу ал улутчулдук менен байланышкан айрым учурлар орус бийлиги тарабынан «Кыргызстандагы этникалык орустардын укугу дайыма бузулат жана улуту менен динине карап кысымга алынат» деп каралбашы керектигин белгилеген.

Ошондой эле, ал элчиден айрым орусиялык саясатчылардын билдирүүлөрүнө көңүл бурууну өтүнүп, алардын айткандары айрым чагымчыл күчтөргө шыкак берип жатканын билдирген.

Андан тышкары, Казакбаев Кыргызстанда орустарга жек көрүүчүлүк, тарыхты бурмалоо, орус тилине каршылык маанай жок экенин айтып, мурдагы Советтик өлкөлөрдүн ичинен Беларусь менен катар Кыргызстанда гана орус тилинин расмий макамы бар экенин белгилеген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар бул маселенин мындан ары курчуп кетпеши үчүн биргелешип аракет көрүү керектигин билдиришкен.

Белгилей кетсек, аталган окуя 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон. А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган.

Ошондой эле июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Аталган окуяларга байланыштуу Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы да билдирүү жасап, Орусиянын мамлекеттик органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо чараларын күчөтүүгө чакырган.

Андан тышкары, Орусиянын Мамлекеттик думанын депутаттары орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Орусияга киргизбей коюуну сунуштаган.

Ошондой эле, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну, Кыргызстан менен экономикалык байланышты чектөөнү, кыргызстандык эмгек мигранттарды мекенине кайтарууну талап кылууну сунуштаган. Аны менен бирге ал Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг да уюштурду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM