Биз менен байланышыңыз

Мамдуманын төрагасы орус тилдүү жарандарды басмырлагандарды Орусияга киргизбей коюуну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 2340 | 1

Орусия Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Орусияга киргизбей коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал телеграм каналына жазды.

Анын айтымында, бүгүн, 9-августта өткөн отурумда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяны жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнгөн кайрылуу жөнөтүүнү тармактык комитетке тапшырган.

«Бул биринчи жолу болгон жок. Орус тили Кыргызстанда расмий макамы бар жана ал нерсе Конституцияда бекитилгенин эске алганда мындай окуяга жол берилбеши керек», — деп жазган ал.

Отурумда депутаттар жогорудагыдай окуяларга чара көрүү маселесин иштеп чыгууну, анын ичинде орус тилинде сүйлөгөн адамдарга орой мамиле кылган адамдарды Орусияга келишине тыюу салууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, аталган окуя 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон. А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алды.

Аталган окуяга байланыштуу Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы да билдирүү жасап, Орусиянын мамлекеттик органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо чараларын күчөтүүгө чакырган.

1 пикир

1 пикир

  1. Туке

    10.08.2021 23:28

    Ушуга байланыштуу орус тилин расмий тил макамынан алып салууну сунуштаймын.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM