Биз менен байланышыңыз

УКМК кыргызча билбегени үчүн кыз кишиге кол көтөргөн жаранга эскертүү берди

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 562 | 0

Бишкектеги MagicCity балдар оюн-зоок борборунун кызматкерин эсептегич менен урган А. Алимбаев аттуу жаранга расмий эскертүү берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК белгилегендей, бул окуя 5-август күнү болуп, анын видеосу социалдык тармактарга чыккан. Мас абалында болгон А. Алимбаев кызматкер кыздан агрессивдүү түрдө кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Андан кийин мамлекеттик тилди билбегени үчүн жемелеп, эсептегич менен уруп жиберген.

Ал окуяга байланыштуу УКМК А. Алимбаевге расмий эскертүү берди. УКМК Кыргызстанда кыргыз жана орус тилдеринин макамдары Конституцияда каралып, эки тил тең колдонуларын белгилейт.

Атайын кызмат адамды өң-түсүнө, улуту, динине карап басмырлагандар Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча жоопкерчиликке тартыларын жана ал үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Буга окшогон фактылар боюнча УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM