Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандагы орус тилдүү жарандарды коргоого чакырды

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 1519 | 0

Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы Кыргызстандагы орус тилдүү жарандарды коргоо чараларын күчөтүү керек деген билдирүү жасады.

«Комиссия мүчөлөрү Кыргызстанда биздин мекендештерге карата орой мамиле көбөйүп бара жатканына өтө тынчсызданат. Ал көрүнүштөрдүн түбүндө орус тилинде сүйлөгөн адамдарды тил жана улутуна карап кемсинтүү аракети жатат. Улуту башка жана православ дининде болгону үчүн орус баланы ур-токмокко алган окуя, жакында эле Бишкекте болгон кардардын орусча сүйлөгөн кызга кол көтөргөнү — кооптондура турган жагдай», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам алар Орусиянын аткаруу бийлигинин жооптуу органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырган.

Комиссия аталган окуялар ЕАЭБ, ЖККУга мүчө болуп, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк багытын тандаганын жарыялаган Кыргызстанда болуп жатканына тынчсызданат.

«Комиссия мүчөлөрү биздин мекендештерди кысмакка алууга байланыштуу бардык учурларды иликтөөгө даярдыгын билдирген Кыргызстандын расмий бийлиги келечекте улутчулдук көрүнүштөргө жол берилбеши үчүн аларды тез арада жана тыкыр иликтеп чыгат деп үмүттөнөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Августтун башында Бишкектеги оюн-зоок борборлордун биринде иштеген кызматкер кыз орусча сүйлөгөнү үчүн эркек киши калькулятор менен уруп жиберген.

Бул окуялар боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да өз тынчсыздануусун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM