Биз менен байланышыңыз

Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 2475 | 0

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты токтотууну сунуштады.

Жириновский бул билдирүүсүн Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяга байланыштуу жасаган.

«Орусиянын элчисин Кыргызстандан тез арада чакыртып алуу керек. Кыргызстан менен бардык соода байланышты токтотуу керек», — деген ал.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштурууну талап кылып, ага өзү да катышарын айткан.

«Биз кыргызстандык мигранттардын Орусиядан чыгарылышын талап кылабыз», — деген ал.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Жириновский Кыргызстанда «персона нон грата» деп жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Ага саясатчынын Кыргызстандын Орусияга болгон карызынын ордуна Ысык-Көлдү алуу керек деген билдирүүсү себеп болгон. Жириновский кескин, орунсуз билдирүүлөрдү жасаган саясатчы катары таанымал.

Белгилей кетсек, аталган окуя 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон. А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган.

Ошондой эле июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Аталган окуяларга байланыштуу Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы да билдирүү жасап, Орусиянын мамлекеттик органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо чараларын күчөтүүгө чакырган.

Андан тышкары Орусиянын Мамлекеттик думанын депутаттары орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Орусияга киргизбей коюуну сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM