Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда Эгемендиктин 30 жылдыгына карата 30 боз үй тигилет

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 336 | 0

Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата 31-августта Жалал-Абад шаарында 30 боз үй тигилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара «Эркиндик» аянтында саат 10:00дө башталып, жарманке, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады менен коштолот. Ошондой эле мекеме-ишканалар тарабынан 30 боз үй тигилип, «мыкты» деп табылгандарына сыйлык берилет.

Ал эми кечки саат 19:00дөн 22:00гө чейин «Курманбек» стадионунда белгилүү артисттердин коштоосунда чоң программадагы концерт тартууланат.

Copyright © 2017 Maral FM