Биз менен байланышыңыз

Парламент депутаттардын өргүү акысы боюнча үн катты

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 493 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сомдон 300 миң сомго чейинки өлчөмдө өргүү акы албайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын кечээ эле сессиялык жылын аяктагынын белгилеп, бир дагы депутат эмгек өргүүсүнө чыкпаганын, ага жараша эмгек өргүүлөрүнө акча которуулар жүргүзүлбөгөнүн маалымдады.

30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тарашты. Бирок 5-июлдан 30-июлга чейин кезексиз сессияга чогулат.

Copyright © 2017 Maral FM