Биз менен байланышыңыз

Боршайком Ош жана Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жөнөттү

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 267 | 0

Бүгүн, 1-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра шайлоо өткөрүүгө бюллетендерди жөнөттү. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо үчүн 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына – 45 миң 532, Ош аймактык шайлоо комиссиясына – 148 миң 370, Токмок аймактык шайлоо комиссиясына  – 37 миң 169 бюллетень жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылар аныкталып, үстүбүздөгү жылы 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо үстүбүздөгү жылы 11-июлга белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM