Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 298 | 0

Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү зарыл. Жарандар тез арада кадимки жашоосуна кайтып келиши керек. 1-сентябрга чейин билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесинде билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө ушул жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагында кыйраган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер каралды.

Объектилердин курулушу 3 категорияга бөлүнгөн:

Турак-жай куруу. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөсү үчүн Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал жерге ар бири 6 сотых жер тилкеге ээ болгон 36 үй салынат. Учурда курулуш иштери аяктап калды.

Экинчи этапта Лейлек районунун Максат айылында жана Баткен районунда жаңы үйлөрдү куруу иштери башталды.

Курулуп жаткан бардык турак жайлар кабыл алынган ченемдерге жана стандарттарга ылайык келерин, ошондой эле байланыштын бардык түрлөрү менен жабдыларын белгилей кетүү керек.

Социалдык объектилердин курулушу. 8 социалдык объектинин, анын ичинде 5 мектептин, 2 бала бакчанын жана 1 медициналык мекеменин курулушу башталды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 250 млн сом бөлүнгөн.

Аскердик багыттагы объектилердин курулушу. Аскердик багыттагы бардык объектилердин курулушу тездетилет.

Булардан тышкары чек ара аймактарында жабыркаган тургундардын 200дөн ашыгына өздүгүн тастыктаган документтер берилген. Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Исфана шаарларындагы Калкты тейлөө борборлору күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол оңдоо ишканалары 44 чакырым жолду толугу менен тегиздеп, жол кыймылын камсыз кылган. Айрым участоктордо курулуш иштери 80% га бүткөрүлүп, калган участоктордо оңдоо иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM