Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов Баткенди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 284 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Анда башка маселелер менен катар «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Улукбек Марипов мыйзам долбоорунун негизги милдети — жаңы жумуш орундарын түзүү, социалдык объектилерди куруу, жергиликтүү калкты таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, инвестиция тартуу сыяктуу орчундуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу экенин айтты. Аны ишке ашырууда аймакты өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүү, аны баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык Кеңеш түзүлөт.

Облуска өзгөчө макам берилгенден кийин мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилет жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталат.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана ага төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

  • атайын функционалдык-административдик, уюштуруучу-бөлүштүрүүчү ыйгарым укугу жана өзгөчө макам берилет;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин тескөө, укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү биргеликте өз алдынча иш жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктар.

Copyright © 2017 Maral FM