Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда үч айда 112 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 256 | 0

Кыргызстанда 30-июнга карата COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 112 миң 289 жаран алды. Алардын ичинен 78 миң 2 жаран вакцинанын экинчи дозасын сайдырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада 3 миң 198 адам вакцинанын биринчи дозасын, 612си экинчи дозаны алышты.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Аны алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгер, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы июль айынын ортолорунда келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM