Биз менен байланышыңыз

1-июлдан бир катар товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулат

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 441 | 0

Өкмөттүн 24-июндагы токтому менен 1-июлдан тартып салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортторго карата кошумча нарк салыгынын өлчөмү нөл пайызга түшүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Атап айтканда, мындай өлчөм төмөнкү товарларга колдонулат:

  • 1-июлдан 31-августка чейин – ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга импорттолуучу кант-кумшекер (ЕАЭБ ТСИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майы (1512);
  • 1-июлдан 31-декабрга чейин ташылып келинген жылкы (код 0101), уй (0102), чочко (0103), кой-эчки (0104)), үй канаттуулары (0105).

Токтом 1-июлдан тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM