Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: 10 млрд сомго жакын салык алынган жок

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 435 | 0

Кыргызстанда кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат. Алсак, бажы жана салык линиясы боюнча 10 млрд сомго жакын акча алынган жок, деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, Бажы линиясындагы төмөндөө биринчи кезекте чек аранын жабылышына байланыштуу жүрүүдө. 2020-жылга карата пландар боюнча 45-50% төмөндөө болду. Экинчи орунда – салык линиясы, бул да кыйыр түрдө чек аралардын жабылышына байланышкан.

Импорт кыскарды, ал эми импорттун 70% Кытайдан келет, бул ички өндүрүшкө өтө таасирин тийгизет, анткени тийиштүү толуктоочу заттарды сатып алуу мүмкүн эмес. Экономикалык түшүүлөргө чектөө коюлуп жаткан салыктык жыйымдар төмөндөгөндүгүн белгилөө зарыл, — деп билдирди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, бюджеттин корголгон беренелерине – пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга, айына 7,5 млрд сом сарпталат.

— Жыл башынан бери катуу үнөмдөө жүрүүдө, сатып алуу, иш сапарлар жана башка чыгымдардын түрлөрү токтотулду, — деп жыйынтыктады ал.

Copyright © 2017 Maral FM