Өкмөттүн 24-июндагы токтому менен 1-июлдан тартып салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортторго карата кошумча нарк салыгынын өлчөмү нөл пайызга түшүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Атап айтканда, мындай өлчөм төмөнкү товарларга колдонулат:
- 1-июлдан 31-августка чейин – ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга импорттолуучу кант-кумшекер (ЕАЭБ ТСИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майы (1512);
- 1-июлдан 31-декабрга чейин ташылып келинген жылкы (код 0101), уй (0102), чочко (0103), кой-эчки (0104)), үй канаттуулары (0105).
Токтом 1-июлдан тартып күчүнө кирет.