Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 2019-жылы 44 млн долларга көбүрөөк мунай сатып алат

Кыска кабар | 11 Ноя 2018 | 755 | 0

Кыргызстан 2019-жылы 44 млн долларга көбүрөөк мунай сатып алат. Бул тууралуу өлкөнүн 2019-2021-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунда айтылат.

Өкмөт мунай продукцияларынын импортун 44 млн долларга арттырууну максат кылат. Ал эми күйүүчү майларды 16 млн долларга, бензинди 14 млн долларга, авиакеросинди 3 млн долларга, жаратылыш газын 8 млн долларга көбүрөөк сатып алууну көздөйт.

Ошондой эле дары-дармектерди импорт кылуу да 187,9 млн долларга, тамак-аш азыктарын 690,5 млн долларга көбүрөөк болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM