Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жылына 50 миң тонна өндүрчү кондитердик ишкана ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 921 | 0

Президент Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы “Амилов” кондитердик фабрикасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана жылына 50 миң тонна продукция өндүрүүгө жөндөмдүү. Учурда анда шоколад, конфет, печенье жана вафлинин 60 түрү өндүрүлөт.

Мурда мындай продукциялар импорттолуп келген болсо, учурда ишкананын ачылышы менен импорт 40 %га азайган. Ошондой эле, ишкана жылына 10 млрд доллардык продукция экспорттогонду көздөйт.

Белгилей кетсек, ишкана ушул жылы 5-октябрда ачылып, курулушуна 62 млн доллар сарпталган. Ал Германия, Швейцария, Италия, Австрия, Голландия өлкөлөрүнөн келген заманбап техникалар менен жабдылган.

Copyright © 2017 Maral FM