Биз менен байланышыңыз

Жакында Кыргызстанга коронавируска каршы «SinoPfarm» вакцинасы келет

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 297 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, вакцина сатып алуу маселесин талкуулады.

Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 менен күрөшүү боюнча эки мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кытайдан жакында Синофарм вакцинасынын 150 миң дозасы алынып келине тургандыгы белгиленди.

Кытай элчиси Ду Дэвень кыргыз тарапты вакцинаны алып келүү маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүүгө ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM