Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 21671 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 340 | 0

Бүгүн, 15-июнга карата Бишкек шаарында коронавируска каршы 21 миң 671 адам эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинен 17 миң 148 адам экинчи доза менен эмделген. Бул тууралуу медициналык жардам жана электрондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын ичинде:

  • 10 516 адам — шаардыктар, алардын ичинен өнөкөт оорулары бар адамдар — 451;
  • 5406 адам — 65 жаштан жогоркулар;
  • 2910 адам — дарыгерлер;
  • 1104 адам — мамлекеттик кызматкерлер;
  • 900 адам — мектеп мугалимдери;
  • 384 адам — күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Copyright © 2017 Maral FM