Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» пунктун текшерүүдөн кийин бир катар аткаминерлер эскертүү алды

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 562 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Анын буйругу менен кечээ, 14-июнда кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

— Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Турганбаев Алмаз Абдылдаевичке;

– Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак- габаритти көзөмөлдөө агенттигинин директору Айтиев Шухрат Анваровичке.

Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен тартип бузууларга жол берилгени үчүн Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары, ошондой эле «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун эки кызматкери, башкы инспектор жана улук инспектор ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Мариповдун тапшырмасына ылайык, бүтүндөй республика боюнча бардык процесстерди автоматташтыруу жана адам факторун болтурбоо жолу аркылуу транспорттук көзөмөл пункттарынын ишин жакшыртуу боюнча кескин чаралар каралууда. Иштин жыйынтыктары кыска мөөнөттө белгилүү болот.

Эске салсак, 11-июнда Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, автотранспортторду каттоо журналынын маалыматына ылайык, «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери саат 08:00дөн 13:00гө чейин 17 унааны транспорттук көзөмөлдөн өткөргөн. Бирок динамикалык салмак габариттик көзөмөл тутумунун маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мезгилде 20 унаа өткөрүлгөн жана андагы айырма 12 унааны түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM