Биз менен байланышыңыз

Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 393 | 0

Президент Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 9-июнда Анкара шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты.

Бул сүрөт көргөзмөсү Түркия Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.

Copyright © 2017 Maral FM