Биз менен байланышыңыз

Аскар Бешимов: Түркия менен болгон мамилебиз жакшы нукта уланат

Маек | 9 Июн 2021 | 6533 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкарага барды. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жандап барган өлкө башчысын Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. Садыр Жапаров иш сапардын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес-форумуна катышат. Мындан сырткары Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлаша турганы күтүлүүдө. Президенттин Түркияга болгон иш сапарынан кандай жыйынтык күтсөк болот? Маанилүү өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү? Бул сроолордун айланасында Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, серепчи Аскар Бешимов менен маек курдук.

— Аскар мырза, президент Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган расмий иш сапарынан кандай жыйынтык күтсөк болот? Маанилүү өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

— Бул сапардан өзгөрүүлөр болот деп баарыбыз ишеничте турабыз. Анткени Түркия биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш. Эсиңерде болсо керек, 2016-жылдан бери Орусияга болушабыз деп арабыздагы мамиле солгундап, бир жип үзүлгөндөй болгон. Ошондо арабызда боштук пайда болуп, эки тараптуу байланышыбызга көлөкө түшкөндөй болгон. Ага дагы кошумча алар «Сапат» билим берүү мекемелери боюнча «80ге жакын жаран Фетхуллах Гүлендин тарапташы, аларды бизге бергиле» деп кайрылган. Биз ага да жооп кайтарган жокпуз. Ошону менен арабызда түшүнбөстүк мамиле түзүлүп калган. Эми азыр үзүлгөн жипти улоонун убакыт-сааты келди. Түркия биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш экенин дагы бир жолу белгилеп кетейин. Себеби алар күндөн күнгө өнүгүп, күчү, аброю көтөрүлүп жатат. Айрыкча, Тоолуу Карабахта болгон согуштан кийин Түркия Азербайжанга ачыктан ачык жардам берип, согуштун дагы жаңы ыкмасын көрсөттү. Кыргызстан дагы бир нерсени унутпашы керек: тажик тараптын аскерлери 28-29-апрель күндөрү Кыргызстанга кол салып, агрессия болуп, биздин жерибизди басып алып, канчалаган жарандар каза болуп, миңдеген адам жабыркаган учурда Түркия жардам колун сунду. «Түрк тилдүү өлкөнүн эч качан бирөөдөн жабыркап, бирөөнүн агрессиясына кабылышына жол бербейбиз, саясий, аскердик жардам берүүгө даярбыз», — деп жарыялашты. Бул — биз үчүн баа жеткис жардам. Ошондуктан мен мамилелерибиз жакшы нукта уланат деп ойлойм.

— Айрым эксперттер Баткен окуяларынан кийин Түркия менен болгон стратегиялык мамиле аскерий багытта бекемделе турганын болжошууда. Бул канчалык мүмкүн?

— Толук мүмкүн. Эмнеге дегенде Тажикстан менен болгон кагылышууда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) ролун толугу менен көрдүк. Андан бери бир ай өтсө да, Баткен окуясы аталган уюмдун ичинде бир да жолу каралган жок: «эмне болду, кандай жыйынтык чыгарабыз?» — деп. Уюмдун эки мүчөсү бир-бири менен согушуп жатса, уюм да аракет жасашы керек болчу. Экинчи андай окуя кайталанбашы үчүн баа берилиши керек эле.

— «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз жоголгонун үчүнчү бир жактардын кыргыз-түрк мамилесин бузууга кылган аракети катары баалагандар бар. Бул окуя эки өлкөнүн мамилесине канчалык таасир этет? 

— Сөзсүз түрдө таасир этет, анткени Түркияда да, Кыргызстанда да жарандык коом өнүккөн. Түркия үчүн «Фетхуллах Гүлендин тарапташтары бийликти басып алууга аракет кылып, төнкөрүш кылыбыз» дегени үчүн айыпталганы принципалдуу маселе. Бизге кайрылып, биз менен сүйлөшүп жаткандан кийин бул ачыктан ачык чечиле турган маселе да. Азыр тергөө жүрүп жатат. Менин оюмча жакын арада табылып калат.

— Кыргызстан менен Түркиянын саясий мамилеси мындан ары кандай уланат? 

Биринчи кезекте биз Түркия менен мамиле курганга кызыкдарбыз. Бул боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү ой-пикирлер айтылып жатат. Алардын арасында «биз Орусиядан кетип, Түркияга барышыбыз керек» деген да пикирлер бар. Мен айтар элем, Орусия менен деле мамилени улантып, ЖККУнун ичинде реформа кылышыбыз керек. Ошол эле учурда Түркия менен мамилебизди оңдоп, жогорку деңгээлге чыгаруу биздин улуттук кызыкчылыгыбыз болушу зарыл.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM