Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1»: Өзбекстандын өнөктөш болуу ниети сынга кабылды

Саясат | 17 Мар 2021 | 1403 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген маегинде маалымдады. Президенттин айтымында, аталган ГЭСти куруу боюнча учурда иштер башталды жана үч жылдын ичинде куруп бүтүү пландалууда.

«Азыр ГЭСти куруу боюнча иш башталды. Кудай буйруса, үч жылдын ичинде куруп бүтүүгө максат койдук. Толук кандуу ишке ашырылат. 30 жылдан бери ишке ашырылбай келет, эми мына 3 жылдын ичинде куруп бүтөбүз деп турабыз». 

Мындай келишим 2017-жылдын сентябрь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен да түзүлгөн. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда өзбек бийлиги «Камбар-Ата» ГЭСин курууда Кыргызстанга жардам берерин билдирген. Андан бери канча жыл өтсө да, маселе ишке ашпай турган.

«Камбар-Ата» ГЭСи экономикалык, суу жана саясий жактан маанилүү чоң долбоор болгондуктан, аны куруу керек. Бирок качан жана ким менен, бул — өзүнчө маселе. Өзбекстан менен биргеликте куруу үчүн процедура боюнча биринчи коомчулукка талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин депутаттары карап чыгып, андан кийин гана келишим түзүлүшү керек. Азыр Өзбекстан менен кандай шарттардын негизинде келишим түзүлгөнү белгисиз, бирок өзүбүз курсак, жакшыраак болот эле. Мындай пикирин экономист Аймен Касенов билдирди.

«Долбоорду түзүп, бардык изилдөө иштерин жүргүзүп, курулушту 3 жылдын ичинде жасаса, ошого ишенем. Бул 3 жылда курула турган оокат эмес, 7-10 жылга чейин узарып кетет. Этап-этабы менен айта турган болсок, ошол аралыкта баштаса болот, бирок 3 жылда курулушу мүмкүн эмес. «Камбар-Ата» ГЭСин куруунун биринчи пайдасы — суу сактагыч. Ал «Токтогул» ГЭСи сыяктуу эле 1200 МВт энергия чыгара алат. Андан кийин суу сактайт. Азыркы учурда суу негизги маселе болуп турат, ошондуктан негизги «платина» болот. Дагы бир жакшы жагы, Кыргызстандын «CASA-1000» долбоорунда электр энергиясын камсыз кылуу боюнча милденттеме бар, мына ошол жакка да кошумча экспорттосок болот. Экинчи жагынан Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн электр энергиясы жетишпейт. Жалпы 14 млрд КВт чыгарсак, анын баары жылытууга эле кетип калат. «Токтогул» ГЭСиндеги суунун аздыгынан Казакстандан сатып алууга туура келип жатат. Ошондуктан бул жалгыз гана «Камбар-Ата» ГЭСин куруу эмес, Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча жалпы стратегиясы болушу керек».  

Ал эми мурдагы Мамлекеттик катчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте курууну туура көрөт. Анын пикиринде, Өзбестандан башка өлкөлөр жана ишкерлер салымын кошо турганы күмөн. Ал эми Кыргызстан өзү курууга учурда экономикалык мүмкүнчүлүгү жок, жакынкы жылдары да болушу күмөн.

«Бул — Кыргызстан үчүн да, Өзбекстан үчүн да абдан керектүү долбоор. Анткени бизге энергиясы керек болсо, Өзбекстанга көбүрөөк суусу керек. Ишке ашып калса — чоң ийгилик, анткени мындан башка мүмкүнчүлүктөр аз болот. Ал эмес Орусия да ага тогуз ойлонуп барат. Алар мына «Жогорку Нарынды» калтырып кетпедиби. Эгерде Орусия аны кайра курса, чоң байлык болот. Бул долбоор 2 млрд долларлык инвестицияны талап кылгандыктан, биздин экономика ага туруштук бере албайт. Ал эми Өзбекстанда буга мүмкүнчүлүк бар».

Мындан сырткары, Досбол Нур уулу эгемендүүлүк алгандан бери курулбай келишин президенттердин катасы катары баалады.

Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун пикиринде, Өзбекстан менен ГЭСти чогуу куруу — сууну чогуу көзөмөлдөө деген сөз. Суунун башында турган өлкөлөр ар дайым суунун аягында турган өлкөлөрдөн артыкчылыкка ээ болгондуктан, аны өлкөнүн өнүгүшүнө рычаг катары колдонуу керек.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу маселеси өтө курч турат. Булагы болгон өлкөлөр ар дайым артыкчылыкка ээ, рычаг катары колдонуп келет. Бул рычагды  туура колдонуунун өзү келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө алып барат. Ушул убакытка чейинки Кыргызстандын президенттери бул кадамга барган эмес. Өзбекстан илгертен бери эле «ГЭСти чогуу куралы» деп айтып келе жатат. Азыркы учурда нефттен, бензинден суу кымбат болуп, стратегиялык инструмент катары карасак болот. Сууну туура пайдалануу үчүн мамлекеттик кызматтарда стратегдер керек». 

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 30 жылдан бери аракеттер болсо да ишке ашпай, кагазда гана калып келет. ГЭСти курууда электр энергиясын сырттан сатып албай, тескерисинче, аны чет өлкөлөргө экспорттоого жетиштирүү негизги максат болгон. Аталган ГЭС Нарын дарыясында Жалал-Абад облусунун «Үч-Терек» айылына кире беришинде курулуп баштап, кийин каражаттын жоктугунан токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM