Биз менен байланышыңыз

Жапаров Казакстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 990 | 0

Бүгүн, 1-февралда президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулашып, соода-экономикалык жана транспорт-транзиттик чөйрөлөрдө кызматташтыкты жогорулатуу боюнча сүйлөштү.

Мындан сырткары президент Садыр Жапаров бардык күч-аракетин кыргыз-казак мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого багыттай турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM