Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ошто тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 770 | 0

8-июнда Ош облусунун Кара-Суу РИИБнин тергөөчүсү «Б.Г.И.» 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтененты «Б.Г.И.» зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн «А.М.А.» аттуу жарандан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам УКМКнын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM