Биз менен байланышыңыз

Сүлүктүдө шахта урап, 20 жаштагы жигит каза болду

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 331 | 0

Кечээ, 8-июнда саат 18:00 чамасында Баткендин Сүлүктү шаарындагы «Ас-Сүлүктү» шахтасы урап калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен шахтада иштеген 20 жаштагы жигит каза болуп, 36 жаштагы эркек адам жабыркаган. Анын абалы орто.

Тартылган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, шахтадан каза болгон жарандын сөөгүн жана жабыркаганды чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM