Connect with us

Сузакта шахтанын ичинде калган эки жаран көз жумду

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 544 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы шахта ичинде калган эки жаран көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта урап, 2 адам ичинде калып калган.

Куткаруучулар саат 16:58де маркумдардын (1975-жылы туулган, 1977-жылы туулган) сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM