Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургун «Маралга» ырастады.
Анын айтымында, кырсык 10-декабрда кечке жуук болгон. Каза болгон жарандар Лейлектин Айбийке айылынын жашоочулары болушкан. Окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.