Биз менен байланышыңыз

Сүлүктүдө шахтада каза тапкандардын экөө бир туугандар болушкан

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 877 | 0

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Ормон” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) шахтасында болгон кырсыктан каза тапкандардын экөө бир туугандар экени аныкталды.

Бул тууралуу Сүлүктү шаардын мэриясынын аппарат башчысы Алмазбек Каримов “Маралга” билдирди.

Кырсык кечээ, 10-декабрда саат 16ларда катталган. Алар шахтадан чыккан газга ууланышкан. Каза болгондордун экөө бир тууган болушкан. Алардын эң жашы 23 жашта, эң улуусу 34 жаштагы тургундар болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жалпы 7 киши аларды шахтадан чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM