Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 708 | 0

Бүгүн, 7-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сессиянын күн тартибинде Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо жана мекеме ишканалардын жетекчилерин дайындоо киргизилген.

Сессияга 31 депутаттын 29у катышып, шаардын мэрлик кызматына жалгыз талапкер Эрнисбек Ормоковду бир добуштан колдоп беришти.

Белгилей кетсек, Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышында депутат болуп, бир топ убакыт кеңешке төрагалык кылган. Ал өткөн жылдын октябрь айынан бери Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматын аркалап келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM