Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков кармалды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 983 | 2

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Парламенттин экс-спикери «Кумтөр» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча бүгүн күбө катары сурак берип жатканы буга чейин айтылган.

Буга чейин Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча тергелген. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду да суракка алганы белгилүү болду. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаро да суракка чакырылганы айтылды. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов камакка алынды.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөрдүн» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин айткан.

Компания учурда убактылуу тышкы башкарууга берилип, ага Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалган.

2 пикир

2 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    01.06.2021 06:50

    Конфискация имущества, былыгы коп пожизненно камаш керек эл душманы. Депутаттаржын баарын текшериш керек эки, уч жуздуу акмактар чогулган. Бирин бир жашырып айта албайт. Баары аялдар сыяктуу куу.

  2. Токур. Башкортостан

    01.06.2021 06:53

    Жасаган туура эмес иштери учун жооп бере турган убакыт келди.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM