Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 374 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги астында Республикалык штабдын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, COVID-19дун жүрөк-кан тамыр ооруларына жана андан каза болуу көрсөткүчүнө тийгизип жаткан таасири, чет өлкөлөрдө жашаган жана иштеген кыргызстандыктарды эмдөөнүн жүрүшү боюнча маселелер каралды.

— «Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзгөчө көңүлдү жүрөк-кан тамыр ооруларынан, кант диабети жана онкологиялык оорулардан жабыркаган бейтаптарга бурушу кажет. Мындан тышкары, жайкы сезондун башталышын эске алуу менен туристтик эс алуу жайларында санитардык ченемдердин тыкыр сакталышын камсыздоо зарыл» , — деди Бакашова.

Ыкчам штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди:

  • Атап айтканда, коронавирус инфекциясын, пневмонияны диагностикалоо жана дарылоо боюнча медицина кызматкерлерин окутууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошондой эле COVID-19 жана пневмония менен ооруган жарандарды клиникалык протоколдун 5-версиясына ылайык реабилитациялоо жүргүзүүсү тапшырылды.
  • Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө «кызыл зонада» иштеген дарыгерлерге бир жолку материалдык кенемте төлөө маселесин чечүүнү тапшырды.
  • Бейтаптарды дарылоо үчүн стационарларда «кызыл зоналарды» түзүү менен катар саламаттыкты сактоо уюмдарында жугуштуу эмес ооруларга – жүрөк-кан тамыр, кант диабети, онкологиялык, өнөкөт респиратордук ооруларга, психикалык ооруларга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн койка-орундардын жетиштүү санын камсыздоо тапшырылды.

Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына эпидемиологиялык кырдаал боюнча өз учурунда чечим кабыл алуусу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM