Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү бир катар элчилери дайындалды

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 890 | 0

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык дайындалган элчилер:

— Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргызстандын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк  программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргызстандын Кувейт Мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

— Султанов Талант Кушчубаевич Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

— Арипов Назарали Турдалиевич Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) Башкы консулу болуп дайындалды;

— Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулу болуп дайындалды.

Ошону менен бирге президенттин жарлыгына ылайык кызматтан бошотулган:

— Мукашев Данияр Муратбекович Кыргызстандын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду;

— Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) Башкы консулу кызматынан бошотулду;

— Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM