Биз менен байланышыңыз

Марипов Министрлер кабинетине жаңы орун басарларын тааныштырды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 382 | 0

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин администрациясына жаңы орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ал белгилегендей, алдыдагы негизги максат – республикада орун алган жеңил эмес экономикалык абалдан чыгуу.

«Министрлер кабинетинин астына так милдет – экономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканы өстүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү милдети коюлган. Мындан тышкары калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүү, жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу керек. Өзгөчө көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана чек ара маселелерин чечүүгө буруу зарыл«, — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле Марипов мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин ачык-айкын иш алып баруууа чакырды.

Мындан сырткары ал ар бир жарандын кайрылуусу ыкчам чечилиши керектигин, бийлик органдарына карата ишенимди арттырып, жарандардын турмуш-шартын жеңилдетүү керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM