Эртең, 21-майда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызматына талапкерлер сынактан өтөт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы «Маралга» кабарлады.
Ал эми 23-24-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын сынагы болот. Андан кийин 24-26-майда Аалымдар Кеңешинин 21 мүчөсүн тандоо сынагы өткөрүлөт.
Жогоруда айтылган сынактардан кийин гана 29-майда курултай чогулуп, аймактардан келген 220 делегат Аалымдар Кеңешинин 21 мүчөсүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана Азирети Муфтийди шайлайт.
Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна учурда 6 талапкер катталды (документтери талапка жооп бергендер). Алар:
Токтогулов Нурбек
Гапуров Султанали
Исмаилов Шүкүр
Жээнбеков Нематилла
Арипов Ниязали
Сарыбаев Убайдулла
Буга чейин Азирети Муфтийди шайлоо апрель айына белгиленип, белгилүү себептерден улам май айынын аягына жылдырылган болчу.