Connect with us

Баткен окуясында жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду

Кыска кабар | 17 Май 2021 | 321 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду. Бул тууралуу каражаттарды көрсөткөн атайын сайтта жарыяланды.

Ага ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 80 млн 251 миң 230,6 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 85 миң 340 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 415 миң 930,25 сом түштү.

Белгилей кетсек, учурда чогулган каражаттар коротула элек.

Copyright © 2017 Maral FM