Биз менен байланышыңыз

Бишкек: «Ак Бата» партиясы шайлоодон четтетилди

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 314 | 0

Бүгүн, 12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында «Ак Бата» партиясын шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынды.

Жыйында аталган партия шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузууларга барганы айтылды.

Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясы «Ак Бата» партиясынын дарегине 11 даттануу, 17 кайрылуу түшкөнүн маалымдады.

Буларды эске алып, аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын алган добуштарын жараксыз деп табууну сунуштады.

12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» партиясынын добуштарын да жараксыз деп тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM