Биз менен байланышыңыз

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» партиясын шайлоодон четтетти

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 641 | 0

Бишкек шаардык кеңешине катышкан «Эмгек» партиясы шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу 12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов кабарлады.

Аталган партия шайлоо өнөктүгү учурунда жана добуш берүү күнү көптөгөн мыйзам бузууларга барганы аныкталган.

Жарандардан жана көз карандысыз байкоочулардан да арыздар түшкөн.

Мындан тышкары партия лидери Жаныбек Абировдун атына да даттануу түшүп, анын Баткен окуясында жабыркагандарга жардам бергени шайлоо мыйзамдарын бузуу катары кабыл алынган.

«Эмгек» партиясынын Бишкектеги жыйынтыктарын жокко чыгарууну Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 10 мүчөсү колдогон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардагы 23 шайлоо тилкесинде берилген добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарды. Ага чейин дагы жети шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кыргызстанда быйыл 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөн.

Буга чейин БШК НДПК партиясын да шайлоодон четтеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 11-майдагы жыйынында Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, президентке кайра шайлоо дайындоо тууралуу сунуш жиберди.

Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов 27 шайлоо тилкесинде ар түрдүү мыйзам бузуулар видеолорго катталганына карабай, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбаганын белгилеп, негизинен үгүт иштеринде эрежелер бузулганын жана бир канча шайлоо тилкелеринде ушул жылы массалык каттоого тургузуу болгонун негиз катары көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM