Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл ОИИБи: «Кумтөрдөгү» эки окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 672 | 0

Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча «Кумтөрдүн» жетекчилиги Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып кеткен. Эртең, 12-май саат 11:00гө Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнө эки иш боюнча тергөөгө чакырылган эле. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый өрөөнүндөгү үйүлгөн таштанды катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып, каза болгон.

Ушул жылдын 15-февралында «Кумтөр» кенинде 1996-жылы туулган экскаватордун айдоочусу И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө чөгүп кеткен.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 258-беренеси (тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган.

Ушул жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБнин тергөө кызматы 12-май саат 11:00гө күбө катары «Кумтөрдүн» каржы боюнча директору Саймон Танды, «Кумтөрдүн» президенти Деон Баденхорстту, «Кумтөрдүн» ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM