Биз менен байланышыңыз

“Кумтөр” ишканасы коронавирус менен күрөшүүгө 100 миң доллар бөлдү

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 596 | 0

Ысык-Көл облусундагы коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылышын көзөмөлдөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жана “Кумтор Голд Компани” ишканасы тарабынан финансылык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабы билдирди.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан Ысык-Көл облусунун район, шаарларына жалпы 12 млн. сом акча каражаты каралды.

Ал эми “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан жалпы 100 миң доллар бөлүндү. Аталган каражаттар облустагы саламаттыкты сактоо мекемелерине керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды жана биринчи тартиптеги керектелүүчү медициналык буюмдарды сатып алууга жумшалууда.

Copyright © 2017 Maral FM