Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагы: Тажикстандын генерал-майору Кыргызстандын аймагында жүргөн (видео)

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 1750 | 0

Тажикстандын милициясынын генерал-майору Хуршед Изатулло Мухаммадзоданын Кыргызстандын аймагында жүргөнү тартылган видео тарады. Видео «Менин эркин Тажикстаным» (Точикистони озоди ман) YouTube каналына 2-майда жарыяланган.

Видео болжолдуу түрдө, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда тартылган. Тартылган видеодо генерал-майор аскер кызматкерлерине көрсөтмө берип жатканын көрүүгө болот.

Көчөдө турган белгилерге караганда, кадрлар Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кире беришинде тартылган.

Бирок бул тууралуу Кыргызстандын дагы, Тажикстандын дагы берген расмий маалыматы жок.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Хуршед Изатулло Мухаммадзода полициянын генерал-майору 1972-жылы 2-мартта төрөлгөн. 1990-жылдын 13-майынан бери Тажикстандын ички иштер органдарында кызмат өтөйт. Өкмөттүн «Спитамен» сыйлыгы, «Жасорат» медалы менен сыйланган.

Хуршед Изатулло Мухаммадзода Тажикстандын Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн улук инструктору, Коргоо министрлигинин взвод командири, Коргоо министрлигинин БТРдин башчысы болгон.

Ошондой эле ал Ички иштер министрлигинин аскер бөлүгүнүн техника жана куралдануусу боюнча командиринин орун басары, Ички иштер министрлигинин ички аскерлер бөлүмүнүн башчысы, Ички иштер министрлигинин ОМОНдун командири , Ички иштер министрлигинин аскер бөлүгүнүн командири жана Ички аскерлердин командири болгон.

2015-жылдын 29-майынан бери Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскер бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келет.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, алардын 36сы каза болду. Жаңжал чыккан аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 120 турак үй жана 84 социалдык объект  талкаланган. Алардын катарында эки дарыкана, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, беш ашкана жана үч тойкана, мектеп, бала бакча жана аскердик бөлүкчөлөр бар. Мындан сырткары бир канча үйлөр тонолуп, короодогу мал уурдалган.

Copyright © 2017 Maral FM