Биз менен байланышыңыз

Максат айылында 12 унаа өрттөлгөн (сүрөт)

Блог , Кыска кабар | 6 мая 2021 | 1184 | 0

30-апрелде тажик тарап куралдуу кол салуу менен Максат айылына басып кирип, бир канча үйдү тоноп, андан кийин гана өрт коюшкан.

Айрым үйлөр чала күйүк калып кетсе, айрымдары толугу менен өрттөлгөн. Жыйынтыгында Максат айылында 83 үй өрткө чалдыккан.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин берген маалыматы боюнча үйлөргө кошулуп 12 унаа да күйгөн.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айтымында, айрымдарынын унаалары уурдалса, айрымдарынын короодогу малы уурдалган.

Мындан сырткары Максат айылында бир мектеп, бир бала бакча, бир ФАП, бир милициянын участкалык пункту, 2 дүкөн жана бир сарай өрттөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM